Трамп менен Путин Осакада жолугушту (Видео)

Автор -

АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин Жапониянын Осака шаарында «Чоң жыйырманын» саммитинин алкагында жолугушту.

Трамп Путин экөөнүн «алакасы абдан жакшы экенин» белгилеп, журналисттин суроосунан кийин орус президентине алдыдагы АКШдагы шайлоого «кийлигишпөөнү» эскертти.

Бир саат, жыйырма мүнөткө созулган сүйлөшүүлөрдүн алкагында эки лидер Иран, Сирия, Венесуэла жана Украина маселелерин талкуулашты. Эки тараптуу алакалар боюнча сөз болду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү