Жунушалиев Улан Саляновдун өлүмү боюнча жаӊы билдирүү таратты

Автор -
262

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги бир иш боюнча эки сүйлѳгѳндѳн такыр уялбайт экен. Мына Буга дейре камактагы Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун киши колдуу болуп каза болушу боюнча саясий ѳңүт жоктугун кайра-кайра какшашкан.

Эми 180 градуска ѳзгѳрүп, «Саляновду ѳлтүрүү ишинде саясий ѳңүт болушу мүмкүн» деген маалымат таратты. Минтип шашылыш «бээ тѳѳ болчу экен» дегендей билдирүү таратышканына караганда, бул кылмыш ишин дагы экс-президент Алмазбек Атамбаевге тѳңкѳрүүгѳ даярдык кѳрүлүп жаткандай.

Эгер ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев ушундай планды ишке ашырууну максат кылып жатса «ит эле» болот го…

Булак: «Фабула» гезити. 28-июнь, 2019-жыл.