Суусамырда жоголгон аппарат жетекчи Молдакун Абдылдаев жана анын үй-бүлөсү изделүүдө

Автор -
509

Чүй областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен дайынсыз жок болууда. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын маалымат кызматы билдирди.

Абдылдаевдин кызы Индира «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү унаа жоголгонун, анда атасы Молдакун Абдылдаев, апасы, сиңдиси жана кызы болгондугун билдирди.

«30-июнь күнү атам, апам, сиңдим жана кызым «Ниссан Террано» унаасы менен Суусамырды көздөй кетишкен. Акыркы жолу Жумгал районуна жеткенде сүйлөшкөнбүз. Ошондон бери дайыны жок. Аларды табуу үчүн бардык адамдардан жардам сурайбыз»
деди ал.

ӨКМнин куткаруучулары издөө иштерин баштады.

Бөлүшүү