Кыргызстандык жеке ишкер Камчыбек Каримовду атып кетишти

Автор -
941

Кыргызстандык жеке ишкер Камчыбек Каримовду Екатеринбург шаарында  атып кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя Уралмашта болгон. Күбөлөрдүн билдиргенине караганда, аны атып кеткен адамдар экөө болгон. Алгач алар ишкер менен мушташып, андан соң эки жолу атышкан. Ок анын курсагына жана бутуна тийген. Андан кийин алар из жашырып качып кетишкен.

Окуя болгон жерде Каримовдун жанынан акча салынган баштык табылган.

Азырынча кылмышкерлер кармала элек.

undefined

Бөлүшүү