Орусияда атып өлтүрүлгөн Каримовдун өлүмүнө шектүү кармалды

Автор -

Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасынын башчысы Камчыбек Каримовдун өлүмүнө шектүү кармалды. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги россиялык ЖМКларга шилтеме берип жазып чыкты.

Алардын билдирүүсүндө, Челябинск облусунан Зарылбек аттуу шектүү кармалып, тергөө аяктаганга чейин камалды. Ал буга чейин тоноо фактысы менен соттолгон.

Маалыматты ырастаган тергөө органдарынын өкүлү Камчыбек Каримовго кол салууну беш киши пландаганын билдирди.

«Алар акчасын алууну гана көздөшкөн. Ошол күнү Каримовдун жанында акча болорун билишкен. Тоноо боюнча беш киши билген»
дейт.

Маалыматта Камчыбек Каримовдун жанындагы 19 миллион рублдун эки эмес, 4 миллионун каракчылар алып кеткени айтылат.

Белгилей кетсек, Камчыбек Каримовду 2-июлда үйүнө жанына атып кетишти.

Бөлүшүү