Кыргызстандык жеке ишкер Камчыбек Каримовду атып кеткендеги видео чыкты (Видео)

Автор -
468

Интернет желелеринде Кыргызстандык жеке ишкер Камчыбек Каримовду Екатеринбург шаарында атып кеткендеги видео чыкты.

Каримовду атып кеткен адамдар экөө болгон. Алгач алар ишкер менен мушташып, андан соң эки жолу атышкан. Ок анын курсагына жана бутуна тийген. Андан кийин алар из жашырып качып кетишкен.

Курсагына алган жараттан улам Каримов ошол жерде жан берген.

Окуя болгон жерде Каримовдун жанынан акча салынган баштык табылган.

Азырынча кылмышкерлер кармала элек.

Бөлүшүү