Бишкек шаардык соту Салянованы абакта калтырды

Автор -

Бишкек шаардык соту бүгүн, 5-июлда камактагы экс-башкы прокурор жана мурдагы депутат Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны абакта калтырды. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

Сотко Салянованын өзү алынып келген жок. Жактоочу аны менен кечээ жолугуп чыкканын, ден соолугу начарлап, дем ала албай калып жатканын белгиледи.

Салянованын жакындары жана тарапташтары соттун чечимине нааразы болуп, парламенттин алдына келишти. Алар мурдагы баш прокурор “Убактылуу тергөө абагында (СИЗО) мыйзамсыз отурганын” белгилеп жаташат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү