Өкмөт драм театрларды оңдоого 198 миллион сом бөлдү

Автор -
291

Театралдык-оюн зоок мекемелеринин имараттарын капиталдык оңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев финансылык каражатын бөлүү чечимине кол койду.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине төмөнкүдөй финансылык каражат бөлүп берсин:

-84 605 100 (сексен төрт миллион алты жүз беш миң жүз) сомду Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имаратын капиталдык оңдоого;

— 97 658 300 (токсон жети миллион алты жүз элүү сегиз миң үч жүз) сомду Чынгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын имаратын капиталдык оңдоого;

— 16 000 000 (он алты миллион) сомду Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын имаратын капиталдык оңдоого.

Маалымат ирээтинде:

Токтоболот Абдымомунов атындагы  Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имараты 1970-жылы ишке берилген.

Узак убакытка байланыштуу театрдын жабдуулары жана системалары эскирип, жарактан чыгып, капиталдык оңдоого муктаж.  Имараттын фасадына оңдоо жүргүзүү зарыл, өрт сигнализациясынын системасын жана чатырын, көрүүчүлөр залынын желдеткичин, сахнанын механикалык жабдууларын фасаддын витраждык айнектери, артисттик гримдөөчү жана керектүү жабдуулары алмаштырууга мутаж.

Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драм театры 1971-жылы ишке берилген. 1972-жылдан бери театрдын имаратына капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

Азыркы учурда имараттын фасады, имараттын ичи ыйлай турган абалда, иш жүзүндө жылытуу системасынын, имаратты электр менен камсыз кылуу системасынын эскилиги жеткен, көрүүчүлөр залында жана чоң залында сахнага реконструкция талап кылынат, анын ичинде стулдарын да, элеватор түйүндөрүн алмаштыруу керек, сахна жана көшөгө механизмдери, жарык берүү жана үн жабдыктары, сантехникалык жабдуулары иштен чыккан.

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын имаратын капиталдык оңдоого акыркы 20 жылда акча каражаты бөлүнгөн эмес.

Бүгүнкү күндө имараттын фасады жана өрт сигнализация системасы капиталдык оңдоого өтө муктаж, көрүүчүлөр залынын желдеткичи, сахнанын механикалык жабдуусу, фасадды витраждык айнектөө, артисттик гримдөөчү жана керектүү жабдууларды алмаштыруу зарыл.

Бөлүшүү