Салык кызматы кыргыз-казак чек арасынан жыгач материалдарын, Herbalife продукциясын жана айымдардын кийимин мыйзамсыз ташып келүүлөрдү аныктады

Автор -

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери дем алыш күндөрү (6-7-июлда) кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден жыгач материалдарын, Herbalife продукциясын жана айымдардын кийимин ташып келүүдөгү бузууларды аныкташты.

Алсак, «Ак-Тилек автожолу» контролдук-өткөрмө пунктунан 35 куб.м. жыгач материалын ташып келе жаткан автомашина кармалган. Айдоочуда коштоочу документтер жана товарларды алып келүү үчүн салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө салык органынын маалымкаты болгон эмес.

“Чалдовар автожолу” контролдук-өткөрмө пунктунан чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 126 куту парфюмерия жана 53 куту Herbalife продукциясын ташып келүү фактысын аныкташкан. Товарды коштоочу кагазы жок ташып келишкен.

Мындан тышкары, “Ак Жол” контролдук-өткөрмө пунктунан товарга тийиштүү коштоочу документтери жок 500 даана айымдардын жемперин ташып келген автоунаа кармалды.

Ар бир бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү