2010-жылдагы кандуу окуяларга байланыштуу өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун иши боюнча соттук отурум 30-июлда болот.
«Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюму анын иши Кыргызстандагы жазык мыйзамдарын декриминализациялоого байланыштуу Чүй облустук сотунда караларын билдирди.
Процесс алгач 16-июлга белгиленип, ишти карачу соттук коллегиянын курамы толук эмес болгондуктан 30-июлга жылдырылган.
Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген айып менен соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.
Анын иши 2017-жылы БУУнун сунушу менен кайра каралып, Чүй облустук соту «Аскаров улут аралык жаңжалды козутууга катышкан, Бишкек-Ош каттамынын 550-чакырымында мыйзамсыз жол тосууга аралашкан, ал жерде топтолгон эл куралсыз милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, он чактысы жеңил, ал эми Мыктыбек Сулайманов оор жараат алып, жаалданган адамдар кылмышын жаап-жашыруу максатында анын сөөгүн өрттөп жиберген» деп тапкан.