Нарында 2 адам бензиндин жытына ууланып калышты

Автор -

Ак-Талаа районунда май куйуучу жайында 1967-жылы туулган И.Э. жана 2001-жылы туулган Э.Э май сактоочу резервуардын ичин тазалап жаткан учурда, бензиндин жытына ууланып калышкан. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Куткаруучулар жабыркагандарды чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Жабыркагандар Ак-Талаа райондук ооруканага жеткирилип, бирок И.Э аттуу жаран оруканада каза болгон, ал эми 18 жаштагы баланын абалы оор.