Алты жашар баланы аракка ууландырган киши кармалды

Автор -

Аракка ууланып чарчап калган баланын өлүмүнө шектелген киши Жайыл районунан кармалды. Бул тууралуу sputnik.kg Чүй ОИИБинин маалымат кызматына таятанып жазып чыкты.

Эске сала кетсек, 12-июлда дарыгерлер Жайыл РИИБине кайрылып, ооруканага аракка ууланган бөбөк алып келингенин билдиришкен. Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге дароо барып, жабырлануучу 2012-жылы туулган П.Ю. аттуу бала экенин аныктаган. Андан соң милиция кызматкерлери анын 30 жаштагы энесин суракка алган.

Укук коргоо кызматкерлерине тестиердин апасы 60 жаштагы жаран менен бирге жашап, 11-июлда түндө өзүнүн курбусу менен үйдө арак ичкенин айткан. Андан соң ал жерге курбусунун жолдошу келип кожойкени сабап жиберген. Келин ал жактан качып кетип, үйгө түн ортосунда келген. Анын айтымында, ошол маалда уулунун уктап жатканын көрүп өзү да жатып алган. Эртең менен турганда баланын абалы начар экенин көрүп дарыгерлерге кайрылган.

Окуянын башка катышуучулары да көрсөтмө беришкен. Алар үй ээсинин А.П. аттуу 31 жаштагы уулу келип, алар менен чогуу арак ичкенин айтышкан. Арак жок калганда түндө дүкөнгө барып алып, андан ары башка үйдө ичишкен. Алты жаштагы бала аларды ээрчип келип, курсагы ачканын айткан. А.П. анын колуна помидор карматып, күч менен эки стакан арак ичирип, бөбөктү башка чапкан. Бала кайра үйгө кетип калган.