ӨКМдин маалыматка ылайык, 19-июль күнү саат 20:30 чамасында Чаткал дарыясына 1998-жылы туулган Н. уулу Б. аттуу эркек адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Чаткал дарыясы окуя болгон жерден 800 метрден кийин Өзбекстандын аймагына өтүп кетет.
21-июль күнү издөө иштерине Таш-Көмүр шаардык №2 ӨИКОдон 6 куткаруучу жерине чыгып кетип, 22-июль күнү Найза тилкесине түнөп калышкан жана 23-июль күнү саат 07:00дө жолго чыгышкан.
Ошондой эле 22-июль күнү Өзбекстандын ӨКМнен 6 куткаруучу тартылып, Ташкент облусунун, Бостанлык районунун, Бурчмулла айылында Чаткал дарыясынын жээгинде издөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжа болгон жок.