Кыргыз чек ара кызматынын башчысы Баткенге учуп кетти

Автор -

Кыргыз-Тажик чек арасында бүгүн, 23-июлда саат 7:30га карата маалымат боюнча абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Исфара – Ворух автожолу жабык турат. Чатак чыккан жерде Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерлери жүрөт. Эки тарап чырдын себептерин иликтеп, жаңжалдын уланып кетпеши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатышат.

Учурда кыргыз жана тажик чек арачылары, укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жаңжалдын алдын алуу боюнча иш-аракеттерди көрүшүүдө.

Кыргыз чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев Баткен облусуна учуп кетти.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан бир киши каза болуп, кеминде дагы бешөө жаракат алган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда бир адам каза болду

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү