КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 22-июль күнү саат 04:23тө Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Нарын районунун Ак-Кыя айылында — 3 баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.