Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери жолукту

Автор -

Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим жолугуп, чек арадагы абал боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымат таратты.

Эки тарап Тажикстандын Ворух анклавы менен Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундарынын ортосундагы чырды биргелешип иликтөө боюнча чечимге келишти. Ошондой эле чек ара тилкелерин чогуу кайтарып, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча макулдашты. Учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү абалды жөнгө салуу боюнча иштеп жатышат.

Буга чейин Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кырдаал курч экенин маалымдаган. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Сажира Чоколоеванын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, чек ара кызматкерлери бул тилкеде күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Исфара – Ворух автотрассасында кыймыл токтотулган. Ошондой эле Тажикстандын жарандары Исфана – Баткен жолун тосуп алышкан.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, чек арадагы чырда 17 киши жабыркап, ооруканага жаткырылды. Алардын 14үнө ок жаңылса, үчөөнө таш тийген. Тажик тарап бир киши каза болгонун, дагы жети киши жараат алганын билдирип жатат.

Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 22-июлда кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.

Тажикстандын чек ара кызматы болсо, кыргыз жарандары “Ак Сай” айылы деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыкканын билдирүүдө.

Эки тарап чырдын себептерин иликтеп, жаңжал уланып кетпеши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат.

Бөлүшүү