Кытайда жер көчкү жүрүп, 34 киши табылбай жатат

Автор -

Кытайдын түштүк-батышында болгон жер көчкүдөн 11 киши каза тапты, 34 киши болсо табылбай жатат.

Кытайдын борбордук телеканалынын маалыматына караганда, өлкөнүн Гуйкоу аймагына караштуу Гуйян шаарындагы Люпаншуй кыштагында болгон жер көчкүдө 11 киши көз жумуп, 34 киши дайынсыз жолголду.

Жер көчкү болгон кыштакта 21 үй кулап калды.

Куткаруучу топтор окуя болгон жерге жөнөтүлдү.

Бөлүшүү