Жээнбеков: Баткен облусунун чек ара аймагындагы кырдаал менин жеке көзөмөлүмдө турат (фоторепортаж)

Автор -
206

«Баткен облусунун чек ара аймагындагы кырдаал менин жеке көзөмөлүмдө турат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-июлда, Баткен облусунун Ак-Сай айылында Баткен облусунун айылдарынын тургундары менен болгон жолугушуусунда. Мамлекет башчысы аксайлыктар менен Тажикстандын Исфара шаарына  бара жатып жолугушту.

Президент укук коргоо органдарына, Куралдуу күчтөргө, бардык министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине тийиштүү тапшырмалар берилгенин эске салды.

«Тажик тарап менен биргеликте көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында кырдаал турукташты. Баткен облусунун чек ара аймагына Ички иштер органдарынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кошумча күчтөрү жиберилди. Өткөндөгү силер менен жолугушуудан кийин бул иш ыкчам түрдө аткарылганын өзүңүздөр көрүп турасыздар. Эми чек ара аймактарын көзөмөлдөгөн патрулдук иш туруктуу негизде жүргүзүлөт. Чек ара толугу менен биздин көзөмөлдө турат»
деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал аскер кызматчыларынын жана Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин саны чек арага жакын айылдардын аймагында бир кыйла көбөйтүлгөнүн белгиледи.

«Сиздердин коопсуздугуңуздар жана  өлкөнүн кызыкчылыктары биринчи планда болот. Азыркы учурда бардык чек ара маселелерин чечүү боюнча  иштерди  активдүү жасап жатабыз. Мен, Өкмөттүн жетекчилери — Тажикстандын жетекчилери менен туруктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Кечээ эле  Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр жана айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери катышкан жумушчу кеңешме өткөрдүм. Кеңешменин жыйынтыгында жакынкы убакта социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушун баштоо боюнча чечим кабыл алынды»
деп айтты Мамлекет башчысы.

Ал ушул жылдын август айында өрт жана куткаруу кызматтарын жайгаштыруу үчүн имараттардын курулушу аяктап, эки адистештирилген транспорт берилерин жана эки жуманын ичинде чек арага жакын жайгашкан аймактардын жашоочулары тез жардамдын жаңы автомашинасы менен камсыз болорун белгиледи.

Ошондой эле буга чейин талкаланган Ак-Сай айылындагы көпүрө толугу менен калыбына келтирилет жана жакын арада таза суу менен камсыз кылуу үчүн жаңы насостук станциянын курулушу башталат. Чек арага жакын  жерлерди сугат суу менен камсыз кылуу үчүн иш-чаралар кабыл алынат. Ошондой эле кээ бир айылдарда жаңы мектептерди куруу боюнча чечим кабыл алынды.

«Социалдык маселелер чечилет. Баарынан маанилүүсү — сиздерди  провокаторлордун чагымчыл аракеттерине алдырбоого чакырам. Күч органдарынын кызматкерлери менен эриш-аркак аракет кылыңыздар. Элибиз байыртадан  кең пейил, меймандос эл. Биз коңшу өлкө менен жакшы мамилени сактоого, бекемдөөгө умтулушубуз керек. Чыр-чатактын кайсынысы болбосун — зыян гана алып келет. Сабыр күтүп, токтоо бололу. Баардык маселени чечебиз, ага убакыт гана керек. Балдарыбыздын келечеги үчүн,  өлкөнүн келечеги үчүн — тынчтыкты сактообуз зарыл», — деп баса белгилеп, Президен Сооронбай Жээнбеков жолугушууга келген аксакалдар менен жергиликтүү жашоочуларга кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып жаткандыгына ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Президент чек ара көйгөйлөрүнө байланыштуу жергиликтүү тургундардын пикирлерин укту.

Мамлекет башчысы Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуудан кийин  чектеш Тажикстандын Исфара шаарына Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууга жөнөдү.

Бөлүшүү