Тоӊ районунда унаа жолдон чыгып, тосмону сүзүп алды

Автор -

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда “Хонда Стрим” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып тосмону сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыктын кесепетинен 1971-жылы туулган О.Н. аттуу аял киши жабыркаган.

КР ӨКМнин куткаруучулар жабыркаганды унаадан чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү