Жээнбеков менен Эмомали Рахмон жолугушту

Автор -

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 26-июлда Ак-Сай менен Ворух айылынын чек арасында жолугушуп, чек арага жакын жайгашкан айылдын элдери менен сүйлөшүштү. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

Президенттин басма сөз кызматы эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусу Исфара шаарында, андан соң Чолпон-Ата шаарында уланарын билдирди.

Мунун алдында Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен жолугуп, чек арадагы кырдаал бийликтин көзөмөлүндө экенин жана чек арага жакын айылдардын маселеси жакын арада чечиле баштарын айтты.

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 22-июлда кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.

Тажикстандын чек ара кызматы кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыкканын билдирүүдө.

Бөлүшүү