Москва соттору митингде кармалган 40 адамга карата өкүм чыгарды

Автор -

27-июлда Москвада өткөн митинг маалында кармалган алгачкы 40 адамга карата сот өкүмдөрү чыкты. Аларга ылайык, эң узак мөөнөт «Навальный Live» ютуб-каналынын алып баруучусу Владимир Миловго чегерилип, ал 30 суткага камакка алынды.

«ОВД-Инфо» укук коргоо порталынын маалыматына караганда, Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун директору Иван Жданов менен дагы үч киши он суткага камалды. Калган 35 адамга карата үч суткадан 13 суткага чейин камакка алуу өкүмү чыгарылды. Алардын арасында шаардык кеңешти шайлоого катышуу үчүн каттоодон өтө албай калган талапкерлер Илья Яшин менен Константин Янкаускас дагы бар.

Шейшемби күнү эртең менен жарыяланган маалыматтарга караганда, Москвадагы соттор жалпысынан 79 адамга миллион рублден ашык өлчөмдө айыппул салышкан.

Москва шаардык сотунан билдиришкендей, ишемби күнкү акциядан кийин баш калаанын сотторуна административдик укук бузуулар тууралуу 200дөн ашык протокол келип түшкөн. Кармалган адамдардын бирине Улуттук гвардиянын кызматкерине карата күч колдонуу айыбы тагылган. Тергөөнүн версиясына ылайык, Евгений Коваленко аскерлердин бирине таштанды челегин ыргыткан. Ал күнөөсүн мойнуна алып, 27-сентябрга чейин камакка алынды.

27-июлда Москвада көз карандысыз талапкерлерди шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катыштыруу талабы менен акция өткөн. Укук коргоочулардын маалыматына караганда, митинг маалында 1373 адам кармалса, алардын 200дөн ашыгы полиция бөлүмдөрүндө эки сутка кармалып турушкан. Мындан тышкары акция учурунда 70тен ашык адам түрдүү жаракаттарды алган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү