СИЗО-1де камакта отурган мурдагы башкы прокурор Аида Салянова тез арада операция жасатууга муктаж. Ага жасалган анализдердин жыйынтыгы чыгып, мурдагы прокурорго панкардит деген диагноз коюлду. Бул тууралуу “Элдик медиа” жазып чыкты.
[ads-quote-center cite=’деп билдирген Салянованын сиңдиси Чынара Турдалиева. ‘]“Бул диагноз жүрөктүн баардык катмарлары сезгенген дегенди түшүндүрөт. Улам күндөн күнгө абалы оорлоп баратат. Жүрөк деген оңой эмес да. Жаман нерсе болуп кетсе ким жооп берет деп биз аябай кабатырбыз. Дем жетпеген камерада түнү менен уктай албай кыйналып жатканын адвокаты айтууда. Жолугушуу укугу адвокатта гана бар» [/ads-quote-center]Жактоочу Салянованы тез арада ооруканага жаткыруу өтүнүчү менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) кайрылуу жолдоду.
21-июнда Биринчи Май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча экс-прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Ал ушул жылдын 3-июнунда кармалган.