Төрага Ноокен районунун тургундары менен жолугушту

Автор -
275

Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушуу айынын алкагында  Төрага Дастанбек Жумабеков Ноокен районунун тургундарынын ойлорун укту.

Эл алдында сүйлөгөн сөзүндө Төрага парламент кабыл алган мыйзамдарга жана саясий туруктуулуктун маанилүүлүгүнө токтолду.

[ads-quote-center cite=’деп белгиледи Төрага Дастанбек Жумабеков.’]»Депутаттар жер-жерлерде проблемалар менен таанышып, өкмөткө сунуштап жатат. Анын аркасы менен көптөгөн көйгөйлөр чечилүүдө. Ошол эле мектептер, бала бакчалар курулууда, жолдор оңдолууда. Жогорку Кеңеш укуктук, социалдык багытта көп мыйзамдарды кабыл алды. Маселен, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине макам берилип, айлык бериле баштады. Жаңы төрөлгөн балага сүйүнчү пул чыгууда. Жөлөк пул берүүдө мурдагыдай чоң ата, чоң апалардын пенсиясы, муздаткыч же башка техника киреше катары саналбай калды. Бирок, акыркы убактарда ар түрдүү чындыкка коошпогон сөздөр айтылып,  каралоо болуп жатат. Мунун баары өлкө экономикасына кедергисин гана тийгизет. Сиздер талап кылган долбоорлор ишке ашпай калат. Бизге азыркы учурда өнүгүү үчүн саясий туруктуулук маанилүү»[/ads-quote-center]

Жергиликтүү элге суроо берүүгө мүмкүнчүлүк тузулүп, алар орчундуу маселелерди Төрагага жеткиришти. Бишкек-Ош жолунун Маданият-Жалал-Абад тилкеси качан оңдолот деген суроо коюлду. Төрага аталган жолду реконструкция кылуу боюнча донорлор менен макулдашууну парламент ратификациялап бергенин билдирди.

[ads-quote-center cite=’деп кошумчалады спикер. ‘]»Жалал-Абад- Маданият жолун оңдоого каражат да бөлүнгөн. Бул жол 2021-жылга бүткөрүлүшү керек. Бирок, субподрядчик менен подрядчиктин ортосунда келишпестик орун алган жайы бар, — деп уктум. Мындай маселелер ишти артка тартпашы зарыл»[/ads-quote-center]

Ноокендиктер таза суу, айыл өкмөттөүндөгү коррупциялык иштер, ишкерлерди колдоо, жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу  маселелерди козгошту.

Төрага Ноокен районундагы Шалка айылында курулуп жаткан мектепти көрдү.  150 орунга эсептелген мектептин курулушу 2016-жылы башталган. Быйыл 5 млн сом бөлүнүп, курулуш уланууда. Жергиликтүү эл калган 25 млн сомду кечиктирбей бөлүп берүүнү суранды. Төрага бюджет каралып жаткан маалда бул курулушту титулдук тизмеге кийирүүгө аракеттенебиз, — деп жооп берди.

Эске сала кетсек, Жогорку Кенештин депутаттарынын эл менен жолугушуу айынын алкагында Төрага Д.Жумабеков, депутат Т.Мамытов Ноокен районунун эли менен баарлашып, алардын көйгөйлөрү менен жеринде таанышууда.