Аялын өлтүргөн экс-мэрге өлүм жазасы берилди

Автор -

Иранда Тегерандын мурдагы мэри Мохаммед Али Нажафи экинчи аялын өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылып, өлүм жазасына өкүм кылынды. Бул тууралуу өлкөнүн сот системасынын басма сөз катчысы Голамхосейн Эсмаилиге шилтеме кылып Mizan агенттиги кабарлады.

Эсмаилинин айтымында, сотто айыпталуучунун кылмышка атайылап барганы аныкталган. Эми 67 жаштагы мурдагы мэр бул өкүм боюнча Жогорку сотко 20 күндүн ичинде даттана алат.

Нажафинин экинчи аялы Митра Остаддын сөөгү быйыл 28-майда Тегерандын түндүк-батыш бөлүгүндөгү үйүндө табылган. Өлкө бийлиги экс-мэр полицияга өзү келгенин жана аялы экөө араздашып жатканда аны атып салганын мойнуна алганын билдирген.

Нажафи мэрлик кызматтан былтыр ден соолугуна байланыштуу кеткен. Анын алдында мэр катышкан иш-чарада жаш кыздардын бийлегени катуу сынга алынган. Нажафи кезинде өлкөнүн вице-президенти кызматын дагы аркалаган.

Бөлүшүү