Ленин чокусунда жоголгон Орусиянын жаранына таандык буюмдар табылды

Автор -

Чоң-Алай районунда Ленин чокусунан түшүп жатып дайынсыз жоголгон Орусиянын жараны Иванов И.С. таандык сумка жана визитка табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, эс алганы келген И.И. 1974-жылы туулган Орусиянын жараны 27-июль күнү Ленин чокусунан түшүп жатып, саат 18:40та байланышка акыркы жолу чыгып, бирок ошол бойдон кайра байланышка чыккан эмес.

29-июль күнү издөө иштерине «Кыргызстан Валор Эйр» авиакомпаниясынын 1 тик учак тартылган.

Ленин чокусунда дайынсыз жоголгон Орусиянын жараны тик учак менен изделүүдө

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү