УКМК Бакиев тууралуу тартылган сюжеттер боюнча комментарий берди

Автор -
248
[ads-quote-center cite=’ деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы.’]«Мындай мааламаттардын жана телевизиондук материалдардын авторлору өздөрүнүн жасаган иш-аракеттери жана анын кесепеттери канчалык олуттуу экенин толук билишпейт»[/ads-quote-center]

Буга байланыштуу, УКМК маалыматтардын жана телевизиондук материалдардын авторлоруна коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге жол бербестигин эскертет.

Эскерте кетсек, КР Башкы прокуратурасы тарабынан мурун козголгон кылмыш-иштери боюнча К.Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, жана ошондой эле 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгон.

Азыркы убакта айыпталуучулар издөөдө.

Белгилей кетсек, 30-июлда НьюТВ жана НурТВ телеканалдарында аны жактап, куттуктаган тасмалар көрсөтүлгөн.