Кочкордо унаанын айдоочусу рулду башкара албай электр карагайын сүзүп алды

Автор -

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда Ауди-100 унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып электр карагайын сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыктын кесепетинен 2014-жылы туулган. Т. кызы Х. жана 1960-жылы туулган А.С. аттуу аял киши жабыркаган.

Тартылган куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү