«New TV» жана «NUR TV» телеканалдарынын жетекчилерине расмий эскертүү берилди

Автор -

УКМК «New TV» телерадио компаниясынын жетекчиси Нурланбек Шакиев менен «NUR TV» теле компаниясынын  башчысы Бекболот Келдибековду профилактикалык сүйлөшүүгө чакырды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Шакиевге жана Келдибековго чагымчыл видео материалдарды жайылтууга жана коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге тыюу салуу боюнча расмий эскертүү жарыяланды. Аталган жетекчилер бул нерсеге түшүнүү менен карап, мындан ары мындай иш аракеттердин кайталанбастыгына милдеттенме алышты.

Белгилей кетсек, 30-июлда НьюТВ жана НурТВ телеканалдарында аны жактап, куттуктаган тасмалар көрсөтүлгөн.

Бөлүшүү