Ошто май куйуучу жайдан өрт чыгып,  оор жүк ташуучу унаа күйүп кетти

Автор -

Ошто май куйуучу жайдан өрт чыгып,  оор жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-июль күнү саат 22:18 чамасында Дыйкан-Кыштак айылынын Мамыров көчөсүндө жайгашкан Петролиум май куйуучу жайында токтоп турган “DAF” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаасынан өрт чыккан.

Кырсыктын кесепетинен унаа толугу менен күйүп кеткен. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Унаада канча күйүүчү май болгондугу тууралуу маалымат такталууда.  Жалпы 6 бөлүм тартылган.

Өрт саат 23:09да чектөөгө алынып, саат 23:45те өрт толук өчүрүлгөн. Өрт өчүрүүчүлөр өрттүн май куйуучу жайына өтүп кетүүсүн токтотуп калышкан.

Учурда келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.