Азия футбол конфедерациясы кыргызстандык 4 оюнчуну өмүр боюга футболдон четтетти

Автор -
357

Азия футбол конфедерациясы (АФК) кыргызстандык “Дордой” жана “Алай” клубдарынын 4 оюнчусун өмүр боюга футболдон четтетти.

“Дордойдун” жана улуттук кураманын мурдагы коргоочусу Курсанбек Шератов АФКнын тартип жана этика кодексин бузган деп табылып, футбол боюнча кандай гана иш чара болбосун катышуудан өмүр боюга четтетилди.

Шератов 2017-жылы “Дордойдун” АФК Кубогундагы оюндарды манипуляциялоо максатында болгон жашыруун сүйлөшүүлөргө тийиштиги бар деп айыпталууда. Ал ошондой эле, бул оюнга байланышкан букмекерлик ишмердүүлүктү да колдоого алган деп табылган.

Ильяз Алимов, Абдуазиз Махкамов жана Владимир Веревкин да “Алай” клубунун 2017 – 2018-жылдардагы АФК Кубогундагы оюндарында алдамчылык жасады деп айыпталууда.

Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов бул маселе учурда териштирилип жатканын, так маалымат бир аптанын ичинде айтылаарын barometr.kg сайтына бүгүн билдирди.

Бөлүшүү