Катар-2022: Бүгүн Кыргызстан менен Мьянма беттешет

Автор -

Бүгүн 10-октябрда, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы, 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында, Мьянманын курама командасы менен беттешет.

Оюн Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:30да башталат. Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган.

Кыргызстандын «Ак шумкарлары» алгачкы беттешинде Тажикстанга 0:1 эсеби менен жеңилген.

Тажикстан экинчи беттешинде Монголияны жеңген.

Ошентип F тайпасынын сап башына эки оюнда алты упай топтогон Тажикстандын курама командасы чыкты. Экинчи орунду үч упайы менен Жапония ээлеп турат. Үчүнчү орунда эки беттеште үч упай алган Монголия келе жатат.

Кыргызстан менен Мьянма командаларынын эсебинде бир да упай жок.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат.

Бөлүшүү