Никита Тарасенко УКМКга сурак берди

Автор -

КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Никита Тарасенко ушул жылдын 10-апрелинде диний касташууну козуткан иш-аракеттери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн негизинде күбө катары суракка алынган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Н.Тарасенконун «Facebook» социалдык тармагында Ислам динине болгон терс мамилесин камтыган, мусулмандардын диний сезимине акарат келтирген материалдарды бир нече жолу жазгандыгы сотко чейинки өндүрүштүн ачылышына негиз болду. Ал жазуулар интернет колдонуучулар арасында көптөгөн негативдүү пикирлерди жараткан.

КР УКМК тарабынан мындай кылмыштардын алдын алуу жана бөгөт коюууга багытталаган чаралар толугу менен мыйзамга ылайык жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү