Өзбекстанда аскерлер менен милиция кызматкери жаңжалдашты (видео)

Автор -
409

Социалдык түйүндөрдө Өзбекстандын Карши районунда аскерлер менен милиция кызматкеринин ортосундагы жаңжал тартылган видео жарыяланды.

Анда жергиликтүү унаа токтотуу жайында аскерлердин тобу милиция кызматкеринен «шаарда атайын форма менен жүрбөшү керектигин» талап кылганын көрүүгө болот.

Өз кезегинде милиционер бул талапка жооп катары эч кандай мыйзам бузбаганын айткан. «Менин өзүмдүн жетекчилерим бар, ошолорго жазгыла. Эгер мен мыйзам бузган болсом, анда кызматтык териштирүү жүргүзүшөт. Силердин мени текшерүүгө укугуңар жок», — деген ал.

«Дарё» сайтынын маалыматына караганда, өздөрүн Түштүк-Батыш аскердик округунун офицерлери деп тааныштырган аскерлер мындай жол менен ички иштер бөлүмүнүн кызматкерине «басым жасашкан».

Азырынча өлкөнүн Ички иштер министрлиги дагы, Коргоо министрлиги дагы бул видеотасма боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Бөлүшүү