Бүгүн, 7-августта Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБи боюнча соттук отурум уланууда. Анын жүрүшүндө, экс-премьер-министр Темир Сариев күбө катары суралып жатат.
Айбек Калиев мурунку өкмөт башчыдан аны «Улуттукэнергохолдингге» жетекчи катары ким дайындаганын тактады.
[ads-quote-center cite=’деп сурады Калиев.’]«Мени Сапар Исаковдун кишиси деп айыптап жатышат. Мени холдингге жетекчи кылуу чечимин ким кабыл алды эле?»[/ads-quote-center]Сариев Калиевди аталган кызматка дайындоо чечимин өзү кабыл алганын айтты.
[ads-quote-center cite=’деди ал. ‘]«Мен аскерий органдардагы жогорку кызматтарга кимди коюу маселесин гана президент менен чогуу чеччүмүн. Калган кызматтар боюнча чечимди жалгыз өзүм кабыл алчумун»[/ads-quote-center]Ошондой эле, Темир Сариев энергетикалык коопсуздукту камсыздоо үчүн ЖЭБди жаңылоо зарыл болгонун жана убакыттын өтүшү менен ЖЭБдеги жаңылоо иштерин жүргүзүүчү жалданма уюм туура тандалганына көзү жеткенин билдирди.