Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу максатында аймактык китепканалардын базасында Эрте куракта өнүктүрүүнүн пилоттук борборлорун түзүү Концепциясы, Иш-чаралар планы жана китепканачылар үчүн окуу модулу бекитилди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тарабынан өткөрүлгөн балдарды өнүктүрүү борборлорунун туруктуу иштөөсү маселеси боюнча кеңешмеде айтылды. Концепцияны иштеп чыгууга ЮНИСЕФтин эксперттери катышышкан.
Алтынай Өмүрбекова балдарды эрте куракта өнүктүрүүнүн, ошондой эле китепканалардын базасында мектеп жашындагы балдардын ийримдер аркылуу кошумча билим алуусунун маанилүүлүгүн эскертип өттү.
Учурда республиканын ар бир облусунда 9 аймактык китепканада пилоттук режимде мындай борборлор ачылган, алар өнүктүрүүчү окуу материалдары менен жабдылып, китепканалардын жумушчулары балдар менен иштөө боюнча атайын тренингден өтүшкөн. Бул борборлор 400 баланы камтыйт. Мындан ары бул өңдүү борборлорду дагы 40 аймактык китепканада ачуу пландаштырылууда.
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев билдиргендей, республика боюнча 1050 китепкана бар.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча эрте куракта өнүктүрүү борборлорунда балдар менен иштөө стандарттарын, балдар менен иштеген китепканачыларга дем берүү жана алардын айлык акысын жогорулатуу маселелерин толуктап иштеп чыгуу тапшырмалары берилди.