Бишкекте № 9 автобустук каттам убактылуу токтотулду

Автор -

Бишкекте № 9 автобустук каттам убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, автобус № 12 кичи райондон «Тынчтык» жаңы кошунуна каттап турган. Коомдук унаанын каттамына чектөө киргизүүгө Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айылында жайгашкан жаңы конуштун жолунун начардыгы себеп болду.

Мэриядан маалымдашкандай, жолдун начардыгынан улам автобустун тетиктери сынып, салондун ичи кир болууда.

Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалар мекемесинин жетекчилиги аталган айылдын башчылары менен сүйлөшүп, жыйынтыгында жол 30-августка чейин ондоодон өтөөрү анык болду.

Эске салсак, аталган автобустан сырткары жаңы конушка № 290 жана № 211 маршруткалар каттайт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү