Латвиянын укук коргоо органдары Зилалиевдин үй-бүлөсүнө карата кылмыш ишин козгоду

Автор -
265

Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Д.Зилалиевге карата козголгон кылмыш-иштин алкагында Латвия укук коргоо органдары тарабынан Д.Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата Латвия Кылмыш-жаза кодексинин 195-беренеси, акчанын изин жашыруу боюнча кылмыш-иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Бул кылмыш-иши Латвия Каржылык чалгандоо кызматынан алынган маалыматтардын негизинде козголгон.

Рига шаарынын Интерпол Улуттук борбордук бюросунун маалыматына ылайык, Д.Зилалиевдин жубайы Латвиянын ири банктарынын биринде өзүнүн балдары үчүн банктык эсеп ачкан. Бул депозиттик эсептер Джамиля, Бектур жана Алима Зилалиевдердин наамына катталган.

Кийин, аталган банк эсептери аркылуу бир нече жолу ири өлчөмдөгү акча которуулар болгон.

Буга байланыштуу, Рига шаарынын Интерпол Улуттук борбордук бюросу Д.Зилалиев жанан анын жубайы тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган.

Белгилей кетсек, КР Башкы прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 308-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-п. (жооптуу абалды ээлеген кызмат адамынын мыйзамсыз баюусу) боюнча кылмыш-иши козголуп, тергөө иштери УКМК Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Азыркы убакта аталган кылмыш-ишти тергөө иштери аяктап, сотко жиберилген.