Кой-Таш айылын көздөй үч КамАЗ, беш автобус жана эки бус менен милиция кызматкерлери бет алганын «sputnik.kg» агенттиги жазып чыкты.
Аталган мекеменин кабарчысы Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн алдына эл чогулуп жатканын билдирген.
Ал эми «kaktus.media» 5 эмес 15 автобус жөнөгөнүн жазган эле. Алардын маалыматына ылайык, учурда ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев Кой-Ташта.
Белгилей кетсек, буга чейин экс-президент мөөнөтсүз митинг башталганын билдирген эле.





























