Атамбаевдин Кой- Таштагы үйүндө аны кармоо операциясы башталды

Автор -
1669

Мурдагы президент Алмазбек  Атамбаевдин Кой- Таштагы үйүндө аны кармоо операциясы башталды. Бул тууралуу жеринен кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, күч түзүмдөрү Атамбаевдин тарапташтарына кулак тундуруучу, жаш агызуучу каражат колдоно баштады.

Буга чейин автобус жана КамАЗдар менен милиция кызматкерлери Атамбаевдин үйүн көздөй бет алганы кабарланган эле.

Учурда Кой-Ташта дагы интернет жана байланыш үзүлгөнү кабарланды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү