Экс-президент мөөнөтсүз митинг башталганын билдирди (Видео)

Автор -

Бүгүн, 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ЖМКга кайрылуу жасады.

Анын айтымына караганда, саат 16:00дө Атамбаевдин тарапташтары «Форум» ишканасынын алдына чогулат. Экс-президент мөөнөтсүз митинг башталганын билдирди.

«Тарапташтарымдын жарымы «Форум» шканасында чогулууну пландаса, жарымы Ак үйгө барарын айтып жатышат. Бирок биз алгач «Форумга» барып, андан ары Ак үйгө өтөбүз»
дейт Атамбаев.

7-августта Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операцияда күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлери кагылышты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү