КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов массалык маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.
[ads-quote-center cite=’деп билдирди ал.’]«Атайын багыттагы отряддын жоокерлерин туткундар деп айтууга болбойт, аларды бул жакка жолдоштору таштап кетишти. Алардын бул жакка курал менен келип, ата башташканын унутпашыбыз керек. Алгач желим октор менен башташкан, кийин кадимки октор менен атышты. КСДПнын Саясий кеңеши элден жоокерлерди бошотууну өтүнгөн, бирок алардын талаптары аткарылбагандыктан, кое бербей жатышат. Биринчиден, күч түзүм кызматкерлери дарбазанын сыртында камдуу турушат. Экинчиден, туруктуу байланышты камсыздоону талап кылышкан, аны аткарышкан жок. Үчүнчүдөн, тарапташтар Жээнбековдор Атамбаевди күч менен кармап кетүү планынан баш тартаарына ишенбей турушат»[/ads-quote-center]Ниязовдун айтымында, көптөгөн жаралууларга жеринде жардам берилип жатты, ошондуктан, ал фактылар медицина кызматкерлери тарабынан катталган жок. Атамбаев өзү үй-бүлөсү менен Кой-Ташта, саат 11:00дө билдирүү жасашы күтүлүп жатат. Атамбаевдин тарапташтары күч колдонду деген маалыматты Ниязов четке какты.
[ads-quote-center cite=’дейт ал. ‘]«Ал жактагы аялдар менен балдар кантип каршылык көрсөтөт эле?»[/ads-quote-center]Эскерте кетсек, 7-августта УКМК Кой-Ташта экс-президент Алмазбек Атамбаевди мажбурлап кармап кетүү аракетин көргөн. Бирок Атамбаевдин тарапташтары аларга андай мүмкүнчүлүк берген жок. Түнкү саат 2:00дөрдө ИИМ жетекчисинин орун басары Курсан Асанов депутат Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова жана саясатчы Равшан Жээнбековдор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Саат 3:00 чамасында спецназ Атамбаевдин үйүнөн чыгып кетти.































