Кой-Таш комиссиясы Фарид Ниязовду угуудан баш тартты

Автор -

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия президент аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязовдун маалыматын укпайт. Мындай чечимди комиссия мүчөлөрү кезектеги отурумунда кабыл алышты. Бул тууралуу «Апрель» жазып чыкты.

Буга чейин учурда абакта отурган Фарид Ниязов 7-8-августтагы окуялар боюнча Мамлекеттик комиссияга бир топ суроолорду жолдоп, керек болсо, өзү алардын бардык суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин билдирген.

Маалыматка караганда, комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү Фарид Ниязовду угууга каршы пикирлерин билдиришкен. Башка күбөлөрдүн жана Кой-Таш, Арашан айылдарынын тургундарын кошкондо ал окуяга катыштыгы барлардын баарынын көрсөтмөлөрү чогултулду.

Жогорку Кеңеш депутаттары Ирина Карамушкина менен Асель Кодуранова мамлекеттик комиссиянын отурумуна келип, суроолорго жооп берүүдөн баш тартышты. Экөө тең бул иште шектүү катары өтүп жатат. .

Мамлекеттик комиссиянын иши 1-ноябрда жыйынтыкталат.