Фарид Ниязовдун камакта калуу мөөнөтү узартылды

Автор -

Президент аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов 2020-жылдын 9-февралына чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 28-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын карап, аны №1 Тергөө абагында отуруу мөөнөтүн 2,5 айга узартты.  Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Кыяс Смаилов жана Амантур Жамгырчиев дагы абакта калышты.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта болгон окуялардан кийин мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин бир топ тарапташтары камакка алынган. Аларга бир нече беренелер боюнча айып тагылууда.