Орозбек Опумбаев: Отставкага кетүүгө даярмын

Автор -

8-августта Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйынында  Орозбек Опумбаев отставкага кетүүгө даяр экенин билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Мирлан Жээнчороев Орозбек Опумбаевден «отставкага кетүүгө даярсызбы» деп суроо салды.

«Ооба, мен отставкага кетүүгө даярмын. Эрте мененки жыйында Сооронбай Жээнбековго да бул тууралуу айттым, учурда президенттин чечимин күтүп жатам»
деп жооп берди Опумбаев.
«Президенттин чечимин күтпөй бүгүн кызматтан кетишиңер керек. ИИМдин жетекчилери дагы кызматтан кетиши шарт. Маалыматты билбей туруп, кызматкерлерди Кой-Ташка жөнөттүңөр»
деди Жээнчороев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү