Бүгүн, 8-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу cүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар учурдагы актуалдуу маселелерди жана алдыдагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын алкагында боло турчу иш-чараларды талкуулашты.