Көк-Жар айылы тарапта спецназ тарабынан жабылган жол ачылды. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Маалыматка ылайык, Атамбаевдин тарапташтары саат 18:20 да милицияга таш ыргытып, жолду ачышкан.
Учурда Атамбаевдин үйүнө 500 ашуун тарапташтары чогулуп баратат.
Буга чейин Кой-Ташка барчу жолду күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тороп алышып, үйлөрүнө бараткан адамдарды да өткөрбөй жатышканы маалым болгон.