Милиция кызматкерлери массалык башаламандыкка жол берген жок

Автор -

Милиция кызматкерлери массалык башаламандыкка жол берген жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМден белгилешкендей, милиция кызматкерлери, түндө коомдук тартипти бузуп, жолду тосуп, бейбаштык кылып, Бишкектеги коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга аракет кылган А. Атамбаевдин тарапташтарын таратышкан.

«Буга байланыштуу милиция кызматкерлери А. Атамбаевдин тарапташтарын таратуу үчүн атайын каражаттарды колдонушкан»
деп билдирет ИИМ.

ИИМ учурда борбор калаадагы кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылган уюштуруучуларды аныктоо жана кармоо боюнча иштер жүрүп жатканын белгилейт.

Шаардагы кырдаал толук бойдон милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.

Бөлүшүү