Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу Кадыр Атамбаев чоң саясатка аралашаарын жар салды. Бул туурасында ал Фейсбуктагы социалдык баракчасында билдирди.
[ads-quote-center cite=’деди жаш саясатчы. ‘]«Жакында эле болуп өткөн окуялардан кийин мамлекетте олуттуу оппозиция калбай калды. Биз өч алуу тууралуу ойлорду артка таштап, өзүм билемдикке мыйзам чегинде каршы турууну ойлонушубуз керек. Оппозиция көмүскө эмес, ачык-айкын иш жүргүзүшү бийликтин да кызыкчылыгында. Саясий сахнада тең салмактуулук орношу керек»[/ads-quote-center]Буга чейин экс-президенттин уулу жергиликтүү гезиттердин бирине маек берип, анын жүрүшүндө Алмазбек Атамбаевге кайрылып: «Атам бизден саясатка аралашпоого сөз алган эле. Ата, кечириңиз, мындай окуялар болуп жатканда унчукпай тура албайм», -деген эле.