Прокурордун жардамчысы 3 миң доллар пара алып жаткан учурда кармалды

Автор -
243

Ушул жылдын 13-августунда Токмок шаардык прокурорунун К.Т. аттуу жардамчысы 3 миң доллар пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Такталгандай, Токмок шаардык прокуророунун улук жардамчысы жергиликт ири өнөр жай ишканасынын кызматкери менен биргеликте А.К.15 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара талап кылган. Анда А.К. жодошу Кытай Эл Республикасынын жараны болуп, аталган ишканада мыйзамдуу эмгектенип жатканына карабастан, КР аймагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз сатып алаган деп коркуткан. Ошондой эле, пара бербеген учурда чет элдик жаранды депорация кылуу максатында тергөө органдарына берүүчү материалдар бар экендигин айткан.

14-августта КР УКМК ККК  Башкы прокуратурасынын ички тергөө бөлүмү менен биргеликте ыкчам-тергөө иш чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Токмок шаарында К.Т. 3 миң АКШ долларын алып алып жаткан учурда кармалды. Ошондой эле, ишкананын кызматкери М.Т. кызматкер тарабынан пара таалап кылуу жана алууда ортомчу болгону үчүн кармалды.

Кармалгандар УКМК убактылуу кармоочу жайына кармалды.

Азыркы убакта тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү