Кара-Көл шаарындагы жол кырсыгынан 2 адам жабыркады

Автор -

Бишкек-Ош унаа жолунун 362-чакырымында Фура оор жүк ташуучу унаасы менен Мерседес-Спринтер  унаасы кагышкан. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен 2 эркек адам 1988-жылы туулган М.Э. жана 2004-жылы туулган М.Р. жеңил жаракат алышкан.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү